Бүгүн, 18-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
"Азыркы убакта Бишкек шаарында абал туруктуу. Биздин кызматкерлер эч чарчабастан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүп жатышат. Кечээ шаарыбызды кыдырсам, аба ырайы жылуу болгондуктан көчөлөрдө, сейил бактарда эч бир санитардык нормаларды сактабастан, шаар тургундары велосипед тээп, балдары менен сейилдеп жүрүшөт. Бул эмне деген өзүм билемдик? Коронавирус инфекциясын эске алып, бардык талаптарды аткарып, өзүңөрдүн жана жакын туугандарыңардын коопсуздугун эске алышыңарды суранам", - деди комендант.