Өзбекстанда акыркы суткада коронавирустун рекорддук көрсөткүчү катталды

Коңшу Өзбекстанда бир сутка ичинде коронавирустун жаңы рекорддук көрсөткүчү катталды. Анда акыркы суткада 703 адамдан илдет тастыкталган. Бул жөнүндө өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Аталган өлкөдө бир суткада 672 бейтап оорудан сакайса, 5 адам каза болгон.

Коронавирус илдети башталгандан бери Өзбекстанда 22 миң 872 адам ооруну жуктуруп алган. 12 миң 937 бейтап сакайса, тилекке каршы 131 адам оорудан кайтыш болгон.
Коронавирус инфекциясы Өзбекстанда алгачкы жолу 15-мартта катталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2020-07-30 21:44:51
Айыгып кеткиле.
+2
Gulipa
2020-07-30 22:22:06
Кыргызстанга караганда бир топ чоң өлкө,бизге салыштырмалуу ооругандар аз.Себеби медицина, мамлекет күчтүү
0
AdylbekB84
2020-07-31 15:17:17
Gulipa, кеп анда эмес алар пневмания менен ооруганды кошуп эсептеген жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан