Коронавирус эпидемиясынын жайылышын токтотуу үчүн 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал режими киргизилгени жатат. Өзгөчө абалдын негизги максаты эмне?
Өзгөчө абал - бул арга кеткендеги чара
Өзгөчө абал режими тез чараларды кабыл алмайынча токтотуу мүмкүн болбой калган оор кырдаалда гана киргизилет. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тийиштүү мамлекеттик органдардын чамасы жетпей баратканда ыкчам башкарууну Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы колго алат.
Башкача айтканда, кырдаалды жөнгө салууга аскердик күчтөр тартылат. Бүгүнкү күндө башкы себеп – коронавирус эпидемиясы, анын күч алып баратышы жана элдин кенебестиги. 23-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 22-марттан тарта киргизилген өзгөчө кырдаал режими оӊдуу жыйынтык бербей жатат деди. Жарандар “үйдөн чыкпа” деген сунушту укпай, бет капсыз көчөдө ары-бери баскандардын аягы тыйылбай жатканын айтты. Ал эми вирус жуктуруп алгандардын саны өсүп, республикалык штаб өлкөдө эпидемиялык кырдаал күчөп баратканын айтып коӊгуроо кагууда.
Дал ушул жагдай өзгөчө абал жарыялоого түрттү. Эми өзгөчө абал режими күчүнө кирсе аталган аймактарда жарандардын кыймыл-аракетин чектөөлөр катаалдашат.
Өзгөчө абал 3 учурда киргизилет:
Биринчиси – өлкөнү эпидемия каптап, жугуштуу оору өлкөгө коркунуч жаратканда. Экинчиси - куралдуу ызы-чуу, массалык баш аламандыкта, стратегиялык жайларга кол салуу болгондо жана адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралганда. Үчүнчүсү – табият кырсыктары учурунда. Эгер кырсыктар мамлекеттик түзүлүшкө, коомго, өкмөттүк органдардын ишине түздөн-түз коркунуч жаратса. Кыргыз өлкөсү “экинчи” жагдайды буга чейин элдик революцияларда, Ош коогалаӊында баштан өткөргөн. Мисалы, 2010-жылы Апрель, Ош окуяларында да Бишкек менен Ошто өзгөчө абал жарыяланып, комендантура иштеген.
Комендантка баш ийүү милдет, ийбесеӊиз...
Мыйзамга ылайык, өзгөчө абал жарыяланган аймакка комендант дайындалат. Комендант ошол аймактагы жарандардын коопсуздугуна жоопкер өкүл, ал өз ыйгарым укугунун чегинде ар кандай чечимдерди кабыл алып, буйруктарды берет.
Анын буйругуна ким экенине карабай жарандар, мекеме-уюмдар баш ийүүгө милдеттүү. Аймакка коменданттык саат киргизет, анын датасын жана убактысын бекитет. Коменданттык саат учурунда жарандарга атайын өткөрмө (пропуск) же документсиз, паспортсуз көчөдө жана коомдук жайларда жүрүүгө болбойт. Бул документтерсиз өз үйүнөн тышкары чыгууга болбойт.
Мисалы, кечки саат 8:00дөн таӊкы саат 7:00гө чейин көчөдө жүрүүгө болбойт десе, демек, болбойт. Кокус бул талапты бузуп, куралчан сакчыларга кармалып калсаӊыз, сизге эч ким жардам бере албай турганын билиӊиз. Коменданттык саат бүткүчө кармалып, телефон өӊдүү буюмуӊуз, авто унааӊыз текшерилет. Эгер жаныӊызда документиӊиз жок болсо, анда комендантура сиздин ким экениӊизди тактагыча кармап турууга укуктуу. Камакта 3 күнгө чейин жатышыӊыз мүмкүн.
Өзгөчө абал режиминдеги айрым чаралар
Өзгөчө абал учурунда Башкы штаб менен комендантуранын кырдаалга жараша кабыл алган чечимдери кынтыксыз аткарылышы керек. Мыйзамда өзгөчө абал учурунда колдонулат деп бир топ чаралар жазылган. Мисалы: жарандардын өзгөчө абал киргизилген аймакка келип-кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүү, айрым жарандардын белгиленген убакытка белгилүү бир жерди, үйүн таштап кетүүсүнө тыюу салуу, жарандардан ок атуучу жана атпоочу куралдарды, окторду убактылуу алуу, курал-жарак жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу, автоунаалардын кыймылын чектөө жана аларды текшерүү жана башкалар. Бул өӊдүү талаптарды бузгандар мыйзамда көрсөтүлгөн шартта жазага тартылат. Ошондой эле атайын чагымчыл маанайдагы жалган маалымат тараткандар да жазага тартылат.