Бүгүн, 6-апрелде Өкмөт үйүндө айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев онлайн маалымат жыйын берип жатат.
"Быйыл жаз эрте келгендиктен, жазгы айдап себүү иштери эрте башталды. 2020-жылдагы айыл чарба өсүмдүктөрүн түзүүнүн жалпы аянты 1 миллион 221 миң гектар жерди түзөт. Биз жер айдоону 2019-жылга караганда 2,5 пайызга көп болот деп болжолдоп жатабыз. Картошканын аянты 71 миң гектар. Республика боюнча 6 миң гектарга картошка эгилди. Бул тапшырманын 8,5 же 9 пайызы аткарылганынан кабар берет", - деди ал.