Бүгүн, 26-апрелге карата COVID-19 жана пневмония илдетине кабылган бейтаптар үчүн Бишкек шаарындагы стационарларда 193 бош орун бар. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги берген маалыматка ылайык, бош орундар төмөнкү бейтапканаларда:

Улуттук хирургия борбору - 3;
Республикалык инфекциялык оорукана - 13;
№2 клиникалык төрөт үйү - 10;
Улуттук госпиталь - 100;
Кардиология жана терапия улуттук борбору - 14;
Чүй облустук бириктирилген ооруканада - 10;
№1 шаардык клиникалык оорукана - 15;
№6 шаардык клиникалык оорукана - 8.