Казакстандын Мангистау облусунда 24-апрелде 40 жаштагы аскер кызматкери коронавирустан каза болгону айтылган. Бир күндөн кийин маркумдун эки баласынан вирус аныкталганы белгилүү болду деп жазышат казак басылмалары.
"Маркум менен байланышта болду делинген жарандар ПЦР-тест тапшырып, жыйынтыгында 3 кишиден вирустун белгилери бар деп чыккан. Анын бири 1990-жылы туулган жаран, маркумдун кесиптеши. Дагы экөө 2006-2007-жылы туулган маркумдун балдары", - деп айтылат маалыматта.
Казакстанда 25-апрель саат 16:00гө карата коронавирус аныкталгандардын саны 2 миң 525ке өсүп, анын ичинен айыккандар 629га жетти. Каза болгондор 25.