"Ухан вирусу": Иранда вирус жуктургандардын саны 24 миңден ашып, 1 миң 934 адам каза болду

25-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 141 миң 728ге жетти. Илдеттен 107 миң 762 адам айыгып ооруканадан чыкса, 18 миң 883 адам каза болду.

Италияда 69 миң 176 адам вирус жуктурган болсо, 6 миң 820 адам каза болуп, 8 миң 326 адам сакайып чыкты.

Ал эми Кытайда 81 миң 591 адам вирусту жуктурса, 73 миң 280 адам жакшы болуп калган. Каза болгондордун саны 3 миң 281ге жетти.

Иранда вирус жуктуруп алгандардын саны 24 миң 811, айыккандар - 8 миң 913. Каза болгондор - 1 миң 934 адам.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булакСаламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurba18
2020-03-25 09:41:16
Москвада жуктургандар 500 000 болду деп атпайбы
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан