Өлкөгө коронавирусту аныктай турган жалпы 76 миң экспресс-тест келгени айтылды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөгө коронавирусту аныктай турган 76 миң экспресс-тест келгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Медицина тармагындагы жардамдардын бардыгы Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилип жатат. Азык-түлүк жардамдары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилүүдө. Комиссиянын чечими менен бөлүнүп берилет.

Өлкөгө 76 миң экспресс-тест келди. Анын ичинен 36 миң 302 иштетилип, 39 миң 698 калды. Мындан тышкары 50 миң 700 ПЦР-тести келген. Учурда 28 миң 229 калды.

Жасалма дем алдыруу аппараттары жетишпей жатат. 649 аппарат болсо, анын 134ү иштебейт, 77 оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча сатып алуу иштерин жүргүзүп жатабыз", - дейт Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан