Татарстанда аткаминерлер өз унааларын дарыгерлерге беришти

Казань шаарында эмгектенген дарыгерлерге жергиликтүү чиновниктер өздөрүнүн 15 кызматтык унаасын колдонууга берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди шаар башчысы Ильсур Метшин кабыл алган.

"Аталган чечим аз да болсо дарыгерлердин жумушун жеңилдетет. Азыркы тапта шаарда коронавируска шектелип 1 миң 300 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат", - деп билдирген Метшин.

Мындан сырткары шаар жетекчилиги тарабынан ооруну алдын алуу үчүн жана аны жайылтпоо иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-03-25 18:26:00
сонун жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан