Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 921 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 121 адам каза болсо, 6 миң 147 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 687 (айыккандар 1094);
Санкт-Петербург шаарында - 183 (айыккандар 110);
Москва облусунда - 161 (айыккандар 154);
Ростов облусунда - 129 (айыккандар 159) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы: 951 миң 897 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 16 миң 310у каза болсо, 767 миң 477си айыгып чыкты.