Италияда коронавируска кабылганын билген медайым өз өмүрүнө кол салды

Италиянын Монца шаарчасынын тургуну коронавирус менен ооруганы аныкталган соң өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

34 жаштагы Даниэла Трецци Монца шаарчасындагы ооруканалардын биринде медайым болуп иштеп келген. Анда акыркы кезде коронавирустун белгилери байкалып жаткандыктан, 10-марттан тартып карантинге алынган. Ал тапшырган тесттен коронавирус оорусу аныкталганда, башкаларга да жугузуп алышым мүмкүн деген коркунуч күчтүүлүк кылып, өз өмүрүн кыйган. Даниэланын кесиптештери ал вирус жуктургандан бери коронавирусту башкаларга жайылтып алдым окшойт деп катуу стресске түшүп жүргөнүн айтышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Margo82
2020-03-26 17:06:54
Эххх адамзат,эмне дешти да билбей калдык.
+12
rususu
2020-03-26 18:04:36
Сен ооруба мен ооруюн ата журт! ушул айымга таандык экен,бейишин болсун.
+23
Aitunuk
2020-03-26 20:26:28
Гиппократтын антын берген адам да. ӨКҮНҮЧТҮҮ. Биздин УМРАЧЫЛАРДЫН "уят-сыйыты" кантип жатты экен...
+7
Turadi
2020-03-26 21:42:56
Aitunuk, Биздикилер окмоттун бетин тытып жатса керек, бизди жакшы қарабай жатат деп
+3
Dinash
2020-03-26 23:22:30
Умрада,бале бар беле,озу элибиз Аран турганда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан