"Ухан вирусу": Дүйнөдө вирус жуктургандардын саны жарым миллиондон ашты

27-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 529 миң 591ге жетти. Илдеттен 122 миң 150 адам айыгып ооруканадан чыкса, 23 миң 970 адам каза болду.

Италияда вирустан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө алдыңкы сапта. Анда 80 миң 589 адам вирус жуктурган болсо, 8 миң 215 адам каза болуп, 10 миң 361 адам сакайып чыкты.

Испания каза болгондордун саны боюнча 2-орунда. Илдетти жуктуруп алгандардын саны 57 миң 786, айыкандар - 7 миң 15. Каза болгондор - 4 миң 365 адам.

Ал эми Кытайда 81 миң 782 адам вирусту жуктурса, 74 миң 181 адам жакшы болуп калган. Каза болгондордун саны 3 миң 291ге жетти.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булакСаламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aliya-leyla
2020-03-27 11:39:17
Кудайым эртерээк ушул илдеттен арылт дуйнону
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан