Бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында комендант жалпы Ош облусу жана Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарындагы абал туруктуу экенин айтты. Жыйын соңунда Малик Нурдинов балдарын үйдө окутуп жаткан ата-энелерге кайрылуу жасады.
"Интернет булактары аркылуу балдарын тапшырма аткарасың" деп артынан түшүп, кээ бир жерлерде ата-энелик укуктан аша чаап кеткен учурлар чагылдырылган окуялар тарап жатат. Айрымдары "сабакты билбейсиң" деп балдарын урушканын үн жаздыруу билдирмелеринен угуп жатабыз. Мындай кылган туура эмес. Бала сиздин урпагыңыз. Балким, сиз урушуп жаткан баладан эртең бир Ибн Сина (ред: Авиценна - персиялык дарыгер, окумуштуу жана философ) чыгышы ыктымал же Гиппократ чыгышы мүмкүн. Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиреткен чыгаан инсан болуп калышы ыктымал. Ошондуктан балага аяр мамиле жасаңыздар.
Мектеп окуучусу деле бир топ күндөн бери үйдө отура берип, кыйналган учурлар болушу мүмкүн. Билбей калса, башынан сылап коюңуз. Ур-токмок менен баланы тарбиялабайт. Балдар биздин келечек. Башкалар бизге баласын бербейт, булар кандай болгон күндө дагы биздин балдар. Кийинки муунга аяр мамиле жасайлы", - деди комендант кайрылуусунда.