АКШда 21 жаштагы блогер челленжге катышып, унитазды тили менен сүртөм деп коронавирус жуктурду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Беверли-Хиллз шаарынын 21 жаштагы тургуну Ларс челленжге катышам деп коронавирус жуктурду. Ал бир нече күн мурун Ава Луиза аттуу блогер баштаган челленжди улантып, коомдук дааратканадагы унитазды тили менен сүрткөн. Ошондон көп өтпөй анын коронавирус жуктурганы маалым болгон. Ларс коронавирус жуктурганын социалдык баракчасына жазып, кийинчерээк өчүрүп салган. Блогер ага чейин дааратканадагы видеону баракчасына жүктөп, "коронавирус тууралуу маалыматты таратуу үчүн бөлүшкүлө" деп билдирүү калтырган.