Бүгүн Кыргыз өлкөсүнө орусиялык Спутник V вакцинасынын биринчи партиясы келет

Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз өлкөсүнө орусиялык Спутник V вакцинасынын 20 миң дозасы келет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, вакцина Бишкектин "Манас" аэропортуна саат 15:15те келип түшөт. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жана Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко катышат.

Белгилей кетсек, вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-25-февралында Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан