Казакстанда коронавирустан айыккан 15 адам ооруканадан чыкты

Казакстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 15 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта Нур-Султан шаарынан 13 адам, Алматы шаарынан 2 адам айыкканы айтылат. Алар үй карантининде болору белгиленген.

28-мартка карата Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 204 адамга жетти. 26-мартта вирусту жуктуруп алган алгачкы бейтап каза болгон. Анын кант диабети менен жабыркап келгени маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Krai
2020-03-28 22:11:15
Бул оорунун дарысы жок болсо кантип айыгып атышат ушул жөнүндө маалымат берип койгулачы сураныч
Кытайда деле айыгып чыгышпадыбы ошол жөнүндө маалымат берип койгулачы
+3
Aizikou-asanova
2020-03-28 23:23:20
Krai,вирусты жугузган адамда дем алуу кыйындап,даам,жыт созуусу жоголот жана ошондой эле температурасы жогорулап,муундар ооруйт деп айтылат.Как кадимки тумоо сыяктуу эле болот,но мында дем алуу кыйын жана температура тушпой койуусу мумкун.Демек,температура тушуп,организм калыбына келсе айыгат.
+2
Krai
2020-03-29 09:48:43
Aizikou-asanova,аа рахмат
+1
satyke
2020-03-29 04:05:23
Krai,Вирус адамдын клеткасында озунун копиясын жаратып кобойот (репликация же редубликация).Вирустун репликациясын токтотуш учун ингибитор препараттар колдонулат(рибавирин,интерферон ж.б.у.с ).Бул препараттар вакцина эмес. Вирус жуккандан сактай албайт. Болгону вирустун виремиясын(кобойушун,организмге кан,лимфа аркылуу таркалышын) гана токтотуп турат. Калганы организмдин иммунитетинен коз каранды.Канчалык кучтуу болсо ошончо бат женет. Эгер башка симптомдор байкалса симптоматикалык дарылоо болот
+3
Krai
2020-03-29 09:48:53
satyke, рахмат
0
mirkaa5182
2020-03-28 22:16:46
Баары айыгып кетсин
0
Margo82
2020-03-28 23:24:42
Ооба,кантип кайсы укол дары мн айыктырып атышат,айтып коюшса болобу,же бизнеспи?
-1
satyke
2020-03-29 04:38:44
Margo82,Нуклеозидные ингибиторы обратный интегразы,Ненуклеозидные ингибиторы обратный интегразы,Ингибиторы слияния,Ингибиторы протеазы,Иммуномодуляторы,Антипролиферативные препараты. Бир нерсени тушундунузбу? Жардам бердиби? Профилдик билиминиз жок болгондон кийин айтып койгондун сизге кандай пайдасы бар? Жогоруда айтылган препараттар аптекада без рецепт сатылбайт.Кээ бирлери такыр сатылбайт.Каяктан табасыз? Тапсаныз кандай схемада,кандай дозада колдонуларын каяктан билесиз? Же аны да айтып кою
0
Baktikan
2020-03-29 00:12:58
Bul ooru ayiksa da kaira kaitalanat eken~koreyada ayijkandardan kaira 2 jumadan kiyin virus chikti~kaira bolnisaga jatkirildi~oshonduktan ar biribiz,meken uchun~uy buloobuz uchun,karantindin erejelerin tak atkarip,bul ooruny birgelikte,intimak,sabr menen jeneli,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан