Жарандардын коопсуздугу үчүн коменданттык саатты бекем сактоо керек. Бул маанилүү, ансыз коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу мүмкүн эмес. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Өкмөт башчыга ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаадагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди.
«Киргизилген тыюу салуулар бардык жарандарга белгилүү бир оңтойсуздуктарды жаратып жатат. Бирок бул убактылуу чектөөлөр жана өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн зарыл. Өзгөчө режим абалы киргизилген шаарлардын жана райондордун калкы киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, белгиленген эрежерлерди сактап башташты. Комендатуранын жана кээ бир мамлекеттик органдардын ишинде системдүү айрым бир кемчиликтер бар. Аларды мүмкүн болушунча ыкчам четтетүү керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы борбор калааны азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен четтетүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурдурду.
«Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатышканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек. Бирок сатуучулардын социалдык жоопкерчилиги бар экендигин да унутпоого тийишпиз. Бааларды көтөрүп же соода түйүндөрүн жөн эле жаап койгон болбойт. Ошондуктан Бишкек шаарынын комендатурасы мындай фактыларды аныктап, тартип бузуучуларды өзгөчө абал маалында мыйзамга ылайык жазалоого тийиш. Ошону менен бирге дагы бир ирет белгилей кетсем, бүгүнкү күнү азык-түлүк продуктулары жетиштүү. Күнүмдүк керектөөдөгү продуктулар ташылып келген өлкөлөр менен чек ара ачык, жүк ташыган унаа каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатышат», - деп ишендирди өкмөт башчы.