Баткен облусунун ар бир район шаарында 200дөн орун болот. Учурда Кызыл-Кыя шаары жана Лейлек райондорунда орундуктар даяр болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ага ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен эртең, 8-июлда облустун бардык аймактарында 200дөн орундар толугу менен даяр болот. Бул жайлар эгерде пневмания оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.
Учурда облустун аймагында обсервация үчүн 1 миң 790 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 435 орунга мүмкүнчүлүктөр бар.