Нарында коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам катталды. Калгандары кайсы аймактан?

Бүгүн, 29-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов онлайн маалымат жыйын берди.

Анда министрликтин өкүлү Кыргыз өлкөсүндө дагы 26 адамдан вирус аныкталганын билдирди. Алар кайсы облустан жана шаардан экенине токтолду:

Чүй облусунда - 2 тургун;

Бишкек шаарында - 4 тургун;

Нарын шаарында - 1 тургун;

Ош облусунда - 6 тургун;

Жалал-Абад облусу – 13 тургун.

Муну менен вирус Нарын облусунда алгачкы жолу катталды. Жалпысынан бүгүнкү күндө илдет жуктуруп алгандардын саны 84кө жетти.

Учурда республика боюнча обсервацияда жаткан жарандардын саны – 4 886. Үй карантинде көзөмөлдөнүп жаткан жарандардын саны 3 338ди түзөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
aliya-leyla
2020-03-29 12:37:47
Именно кайсы айылдардан экен а
+8
zhykyo
2020-03-29 12:40:50
Ошондо обсервацияда жаткандардан чыгып жатабы же кандай
+11
Kultegin
2020-03-29 13:47:06
zhykyo, мени дагы ушул суроо тынчдандырып атат. Бул кандай болуп атат изоляцияда жаткандардан чыгып атабы же жаны жугузуп атышабы. Эч толук маалымат берилбейтатда
+4
Milduri
2020-03-29 12:42:55
Нарындын кайсы районунан экен?
+3
Ruslan-Gaparov
2020-03-29 12:54:12
Milduri,нарын шаарында деп туратко
+2
Simels
2020-03-29 12:44:22
Ээ Кыргызстан деги эле дуйно эртереек эле арылса экен ушул оорудан
+13
nurali1989
2020-03-29 12:53:12
Кайсы район,кайсы айылдан екенин жазып койсонор жакшы болмок. Эл билсин, сактанышсын. Болбосо айылда сейилдеп жургондорду коруп жатабыз
+7
Эльвира Караева
2020-03-29 13:00:44
nurali1989, такталары менен жарыялайбыз
+2
Aikaaaa
2020-03-29 13:04:17
nurali1989,баарын тең эле эшике чыкпай үйгө отур деп атышат го, сенин айылыңан чыкты сен чыкпа делбейт го, ар кимдин өзүнөн. Сактанганды кудай сактайт, айткыла бир жериңди кысып үйгө отур деп
+5
aydinnur
2020-03-29 12:59:36
Бут республика боюнча кылса болмок озгочр абалды болуп отурбай и кармалгандарды коё бердик деп мактанбай,жазага тартса эле тартипке келбесек кыйын болот го алдыдагы кундор..Коё бердик деп мактангандарын угуп менин деле кочого чыгып келгим келип жатат..
+11
Usow
2020-03-29 13:56:14
Бул кандай маалымат болду я, узун саны 84 адам ооруп жатат деп 4 минден ашуун обсерваттсяда дейсинер тушунуксуз.
-7
Kyrgyz_bloger
2020-03-29 13:58:28
Бизде бир кун чыгып,бир кун чыкпай алдын ала тузулгон ценарийдей болуп жатат го байкадынарбы.
+5
Nur777
2020-03-29 15:04:28
Kyrgyz_bloger,ооба,строго через день деп кой))
+1
Aktan2018
2020-03-29 17:26:46
Kyrgyz_bloger,кайра кайра тактап анан чыгарат да,ойунчук эмес да маалымат беруу.
0
Farra16gsin
2020-03-29 14:07:26
Супер силердагы анализ кылсаңар жакшы болмок медиктерге жардам берип мисалы Чүй областындагы адам кайсы аймактан ким менен контакта болгон анан отуруп алып эле жаза бербей Чүй Нарын Жалалабад Ош деген чоң областарда чакан бир район болсо бир жөн
+2
Kenzhebek
2020-03-29 14:23:04
Жалал-Абад обласынан 13 адам катталыптыр. Кайсы райондун кайсы айылынан чыкты.так маалымат берсеңиздер.
+3
adema86
2020-03-29 14:50:51
Kenzhebek, 13 жаны. Сузак-11, Аксы-1, Ала-Бука-1.
+1
raia
2020-03-29 16:01:58
Кечээ чыкпаса суйундум эле ушул бойдон токтоп калсын деп тилек кылып бугун минтип чыгып калды.
Караганыбыз эле интернет.Эртен менен эле намазымды окуп эле интернет ачам жок болсо жаш балача суйуном..
Дуйнуйо жузундогу элди Аллахым сактасын анын ичинде алакандай Кыргыз элимди сактасын...
Бирок сактанганды сактайм дейт озубузду озубуз сактайлы...
+5
Talantmarsel
2020-03-30 06:37:47
26 деген жагын 0 еле кылып коюңуздар атың өчкүр оруу жок болуп кетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан