Казакстанда поликлиникада иштеген медайым коронавирус жуктуруп алды

Казакстанда 29-март саат 22:00гө карата коронавирус менен 271 адам жабыркап жатат. Алардын арасында медайым дагы бар экенин өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Кызыл-Ордо облусунун тургунунан коронавируска тест алынды. Ага ылайык, 23 жаштагы облус тургуну коронавируска чалдыкканы аныкталды. Медайым поликлиникалардын биринде иштейт. Ал бир күн мурда коронавирус менен жабыркаганы аныкталган бейтапты карап баштаганы белгилүү болду. Учурда медайым менен байланышта болгон делинип 16 адам карантинге алынганы айтылат маалыматта.

Буга чейин Атырау облусунда медайым коронавирус жуктурганы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aika1988
2020-03-29 23:53:44
Мынча тез тарайт бул оору..токтосо экен батыраак.. ооругандарга шыпаасын берсин..жаман оорудан сактасын жаратканым.
+3
algakaray
2020-03-30 01:33:37
Медиктерден айбаш кк акчаны жуз пайыз коргоочу кийимдер мн камсыз кылыш кк. Канчалаган оорулу адамдардын омурун сакташат от кечип, озунун жанын тобокелге салып. Биздин медиктер толук кандуу кийинип атабы анча козум жетпейт. Кудай эле сактасын. Ага караганда больницаны коргону барган чондорубуз кийген кийимдерин карагыла. Жаны таттуулар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан