Жазуучу Ричард Мэтисондун "Мен — легенда" романынын негизинде үч тасма тартылган. Көрүүчүлөрдүн табитине Уилл Смит катышкан версиясы жагып, элге кеңири жайылган. Тасмада башкы каарман менен эпидемия көңүлдү бурдурат. Андагы каармандардын кыймыл-аракети жүрөктү эзет. Андан аркы кызыктуу окуянын өрчүшүн тасмадан көрүңүз.
"Сокурдук" ("Слепота"), (Бразилия, 2008-жыл)

Бул тасма адам баласынан өткөн жырткыч жок экенин көрсөтөт. Анда дүйнө жүзүндө адамдарды көздүн көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан эпидемия башталат. Бул илдетке кабылгандар көбөйүп, оорукана лагерге айланат. Көрүү мүмкүнчүлүгүн дарыгер менен анын жубайы, абышка (бир көзү гана көрөт) жана бармен гана сактап калып, муну жашыруун кармашат. Эпидемия күч алганда тартип сакчылары, кароолчулар эрежени сактабай, азык-түлүктөр түгөнүп, лагерге айланган ооруканада баш аламандык башталат. Анда эркектер куралдарга ээ болушуп, аялдарга карата зомбулук жасайт. Тагыраагы, куралы барлар аялдардын күйөөлөрүн тамак-ашка айырбаштайт.


"Вирус"/"Грипп" (Түштүк Корея, 2013-жыл)


Кореялык тасмада адамдар куш тумоосунан каза болушат. Реалдуу жашоодогу статистикага салыштырмалуу тасмада адамдардын өлүмү 100 эсе көп көрсөтүлөт. Анда тумоону жуктуруп алуу менен каза болуунун аралыгы 2 күнгө дагы жетпейт. Тасма адамдардын эмоциясын гана ачып бербестен, жанрдык өзгөрүүнү дагы камтып, бирде күлкү, бирде муң тартуулайт.


"93 күн" (Нигерия, 2016-жыл)

Тасма 2014-жылдагы Эбола вирусун чагылдырат. Чыныгы окуяларды камтыган тасмада алгачкы бейтап Лагостогу бейтапканага түшөт. Ал эми өлкө бийлиги бейтап менен байланышта болгон адамдарды тактоо иши менен алек болот. Бул учурда дарыгерлер вирусту жуктурган бейтаптар менен алышып, тобокелчиликке барышат. Жыйынтыгы кандай болорун тасмадан көрүңүз.