Улуу Британияда коронавирус инфекциясын жытынан аныктап билүү үчүн иттер үйрөтүлүп баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Medical Detection Dogs" мекемесинин бул акциясына Дарем университети менен Лондон гигиена жана тропикалык медицина мектебинин адистери катышат. Буга чейин аталган мекеме иттерге рак, Паркинсон оорусун, малярия жана башка бактериялык ооруларды жытынан сезүүгө үйрөткөн.
"Иттер COVID-19 вирусун жытынан аныктай алат деп ишенебиз. Учурда биз бейтаптардан вирустун жытын коркунучсуз шартта алып, иттерге жыттатуунун айласын табуу менен алекпиз. Жытты билгенден кийин иттер кимде вирус бар, кимде жоктугун жыттап айырмалай билишет", - деген мекеменин незидөөчүсү Клэр Гест.
Лондон мектебинин башчысы коронавирус башка респиратордук оорулар сыяктуу адамдын жытын өзгөртөт деген ойдо. Изилдөөнүн катышуучулары эпидемия басаңдап калганда пландары ишке ашып каларын айтышууда. Ал учурда үйрөтүлгөн иттер аэропорттордо иштеп, вирусту алып жүрүүчүлөрдү аныктап, инфекциянын кайра козголуп, жайылуусуна бөгөт коюшат деп ишенишүүдө.