30-мартка карата берилген маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан дүйнөдө 721 миң 584 адам жабыркап, 33 миң 958 адам көз жумду. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 149 миң 122 адам.
Вирусту жуктуруу боюнча АКШ дагы деле алдыда. 142 миң 106 адам вирус менен ооруп, 2479 адам каза болду. Ал эми айыккандардын саны - 4686.
Дүйнө жүзүндө коронавирустан көп адам жоготкон бул - Италия. Учурда Италияда 97 миң 689 адам бул вирус жуктуруп алса, 10 миң 779 адам көз жумду. 13 миң 30 адам дарыланып, ооруканадан чыкты.
Коронавирус пандемиясынын очогу болгон Кытайда вирус жуктургандардын саны 82 миң 122 болсо, 3304 адам каза болуп, 75 миң 582 адам дарттан даба табышты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.