Бишкек шаарынын коменданты шаардыктардын суроолоруна жооп берди (хронология)

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 12-апрелге карата борбордогу тартип тууралуу жыйын берип, шаардыктарда жаралган суроолорго жооп берди.

2020-04-12 11:26:00

"Жарандар ооруган туугандарын, кары-картаңдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди, операциядан кийинки бейтаптарды бир жерден экинчи жерге жеткирүү үчүн бир жолку уруксат кагазын берүүнү суранып жатышат. Ал маселе эмес. Каалаган блокпосттордон өтүүгө аталган жарандарга уруксат берилген", - деди Орозалиев.

2020-04-12 11:23:00

"Учурда чет өлкөдөн келген адамдардан коронавирус жуктургандар катталып жатат. Андыктан жашоочулардан санитардык жана өзгөчө абал режиминин эрежелерин сактоону суранабыз", - деди Орозалиев. 

2020-04-11 12:28:00

"Эмнеге шаарда дезинфекция иш-чаралары толук жүргүзүлбөй жатат?" деген суроого Бишкек шаарынын коменданты "мүмкүнчүлүк болушунча дезинфекцияны кылып жатабыз. Азыркы учурда борбордун көпчүлүк бөлүгүнө жасалды. Сабырдуулук кылыңыздар, буюрса, бардык жактарга дезинфекция иштери жасалат", - деп билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан