Окумуштуулар адамдан жаныбарга жуккан учурда коронавирус мутация болот деп кооптонушууда

Орусиялык окумуштуулар коронавирус адамдан жаныбарларга жугат деп эсептешет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Москва физика-техникалык институтунун ген инженериясы лабораториясынын жетекчисинин билдирүүсүнө таянып жазышты.

Анын айтымында, вирус адамдан жаныбарга жуккан учур жаныбарлар түркүмүнүн ортосундагы чекти жарып өтүү деп аталат. Бул абдан сейрек кездешет, бирок коронавирустун дагы бир өзгөчөлүгү ушунусунда болуп жатат. Окумуштуулар вирус адамдан жаныбарга өткөн учур коркунучтуу, анткени мындай учурда вирус мутант болуп өтөт деп кооптонушууда.

"Буга чейин Гонконгдо коронавирус жуктурган ит өлүп калды. Андан окумуштуулар кошумча серологиялык анализ алууну көздөп жатышкан. Бирок үлгүрүшкөн жок", - деген ал.

Буга чейин бир катар өлкөлөрдүн маалымат булактары ветеринарларга таянуу менен жаныбарлар вирусту алып жүрүүчү боло алышпай тургандыгын, тагыраагы адамдарга жуктура албай тургандыгын жазышкан.

"Жаныбарлардын адамдардан бул вирусту жуктуруп алып жатканы анык болсо бул коркунучтуу жагдай. Анда COVID-19 дүйнөдөгү тирүү жандыктардын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтө ала турган вирус болот", - деген окумуштуу.

Буга чейин Гонконгдо эки ит коронавирусту жуктуруп алганы маалымдалган. Анын бири дарыланып үйүнө чыгарылгандан кийин өлүп калган. Бельгияда болсо биринчи жолу мышык бул вирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон. Анын кожоюну ушул ооруга чалдыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан