Бүгүн,15-апрелде акыйкатчы Токон Мамытов онлайн жыйын өткөрүп, берилген суроолорго жооп берди. Ага SUPER.KG порталынын кабарчысы өзгөчө абал кирген 25-марттан бери убактылуу кармоочу жайларда, СИЗО-1де жана түзөтүү абагында отургандар арыз менен кайрылдыбы деген суроо берди.
Ага акыйкатчы болгону 3 арыз келип түшкөнүн билдирди.
"Жалпы үч арыз келип түштү. Биз тараптан аларга тийиштүү жооп кайтарылды. Азыркы учурда абактан кайрылгандардын саны кескин азайды. Бирок биз буга карабай, жабык абактарда мониторинг жүргүзүп жатабыз", - деди Мамытов.