Ош шаарында 29-март саат 20:00дөн 30-март саат 07:00гө чейинки убакта коменданттык эрежелерди 13 адам бузду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Олуттуу мыйзам бузуучулук катталган жок. Жарандар коменданттык саатка түшүнүү менен мамиле кыла башташты. Бул илдетти тартип, режим, сабырдуулук менен жеңебиз. Коомдук саясий абал туруктуу өттү жана комендатуранын көзөмөлүндө", - деп билдирген Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов.