
22-марттан 22-апрелге чейин жаңы төрөлгөн ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк өз убагында алынбаса, ата-энелерге айып салынбайт. Маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз өкүлү билдирди.
"2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейинки аралыкта төрөлгөн балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү албаган ата-энелерге айып пул салынбайт. Эскертүү берилбейт. Мындай чечим коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Кабыл алынган чечим тууралуу республиканын аймактарындагы ЗАГС жана паспорттук бөлүмдөргө расмий маалымат жиберилди. Өзгөчө кырдаал учурунда ата-энелерге айып салбоо тууралуу эскертүү берилди. Ошондой эле ата-энелерге да кайрылып, өзгөчө кырдаал тартиби алынгандан кийин айып пул төлөбөстөн балаңызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга болорун эскертебиз", - дешти маалымат кызматынан.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, бала төрөлгөндө бир айдын ичинде ага күбөлүк алып, туулгандыгын расмий түрдө катташ керек. 1 айдан кечиктирилсе 1 миң сом өлчөмүндөгү айып салынат.