Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөт

Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө карата өлкө мыйзамдарынын негизинде катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чукул кеңешмеде айтты.

"Биз алгачкы күндөн тартып өлкөбүзгө коронавирустун кирүүсүн жана жайылышын алдын алуу боюнча гана эмес, экономикалык туруктуулукту сактоо багытында дагы иштеп жатабыз. Кечээ, 14-мартта айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу болду. Бул коңшу республикада коронавирус катталганынан жана тамак-аштын жетишсиздиги пайда болот деген коркунучтан улам чыккан психологиялык факт. Бирок муну жоопкерчиликсиз жана керт башынын камын ойлогон ишкерлер жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатышат. Алар үчүн ашыгы менен киреше табуу жарандардын тынч жашоосунан да маанилүү. Ошондуктан учурда тиешелүү мамлекеттик органдар мындай учурларды аныктап жана аларды жоюунун үстүндө иштеп жатышат. Бардык мамлекеттик органдарга, облустук жана райондук жетекчилерге кечээ болгон окуя кайталанбашы үчүн базарларда абалды көзөмөлдөө тапшырмасын бердим. Бааларды атайылап жогору көтөргөндөр үчүн чара көрүлөт, алар мыйзам чегинде катуу жазага тартылышат", - деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, өлкө боюнча айыл-чарба жана азык-түлүк продуктуларынын запасы жетиштүү.

"Экономика министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери соода түйүндөрүндө товарлардын жана азык-түлүктүн наркын негизсиз көтөрбөө, товарлардын жасалма жетишсиздигин уюштурбоо маселелери боюнча "Фрунзе", "Глобус", "Народный", "АЛМА", "Яр-Марка" жана "Городской базар" ири соода түйүндөрүнүн кожоюндары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Өлкөдө товарлардын жана азык-түлүктөрдүн көлөмү жетиштүү. Айрым учурда баалардын жогорулашын эске албаганда, жалпысынан нарктын дароо көтөрүлгөн учуру жок, болгону айрым продукциянын түшүмү жыйналганга чейин баасынын жогорулашы мезгилдик мүнөзгө ээ", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан