Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты: "Бардык маселелерди блокпостторго такабагыла"

"Бардык маселелерди блокпостторго такабагыла" деди Жалал-Абад жана Сузак району боюнча комендант Жеңишбек Жоробеков бүгүнкү өткөн маалымат жыйында.

Анын айтымында, жергиликтүү эл "пропуск" сурап көп кайрылышууда.

"Мисалы, жер айдаш үчүн тракторист блокпостторго келип "пропуск" сурап жатат. Бирок бул маселени ошол трактористтин айыл өкмөтү чечип берет. Ошол айылдагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылгыла. Ал эми ошол жергиликтүү бийлик элди блокпостко чейин жеткирбей эле маселени ошол жерден чечип берүүңөр керек", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан