Контракттарды төлөө боюнча маселелерди ар бир жогорку окуу жайынын ичиндеги комиссия карап чыгат. Бул тууралуу бүгүн Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.
Анын айтымында, Билим берүү министрлиги ЖОЖдорго контракттарды төлөө боюнча маселени карап чыгууну тапшырды.
“Бизге азыркы убакта окуу акылары тууралуу көптөгөн суроолор болуп жатат. Ал жаатта министрлик тарабынан да иш-чаралар жүрүүдө”, - деди ал.
“Ар бир окуу жайы студент менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат. Бул маселени окуу жайы өзүнүн ичиндеги комиссиянын негизинде карап, ошол студенттердин мүмкүнчүлүгүнө жараша окууга төлөнчү контракттык ченемдерин кийинки убакка жылдырууну чечүүсү зарыл”, - деп кошумчалады Өмүров.