Күздүк буудайды себүүнүн аянтын 220 миң гектар жерге көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
"Министрлик азык-түлүк коопсуздугу боюнча негизги милдетти аткарып жатат. Бүгүн пандемия шартында нан азык-түлүгү менен камсыз кылуу маселеси башкы орунда турат. Бул маселени чечүүдө буудай бир топ гектар жерге көп эгилди.
Пандемиянын экинчи толкуну болот деген сөз бар. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ун, суу майы менен камсыз кылууда даярдыктарды алдыга жылдырышыбыз керек.
Күзгү себүүлөр жакындап жатат. Күздүк буудайды себүүнүн аянтын 220 миң гектар жерге көбөйтүү планыбыз бар", - деди ал.