Түркиянын "Галатасарай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Фатих Терим жана клубдун вице-президенти Абдурахим Албайрак коронавирус оорусунан айыкты. Бул тууралуу команданын мүчөсү Тунч Унер билдирүү жасаган.
"Алар тест тапшырган учурда коронавирус оорусунан айыккандыгы аныкталды. Башкы машыктыруучубуз жана вице-президентибиз жакында ооруканадан чыгат", - деп билдирген команда мүчөсү.
Буга чейин "Галатасарай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу жана вице-президенти коронавирус жуктуруп алгандыгы кабарланган.