Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын ичинен үчөөнүн абалы оор делинип, алар жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Алардын ичинен эки бейтап Ноокатта, бир бейтап Ош облустук биргелишкен ооруканасында жатып, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.
Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орто оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Бүгүн, 1-апрелде дагы 4 адамдан коронавирус аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 111ге жетти.