Панаманын бийлик өкүлдөрү эркектерге жана аялдарга бир күндө эшикке чыгууга тыюу салышты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги социалдык тармакта кабарлаган.
Маалыматка ылайык, тамашага окшогон бул жаңылык министрликтин Твиттердеги баракчасында пайда болгон. Анда аял кишилер эшикке дүйшөмбү, шейшемби жана жума күндөрү, эркек кишилер шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү гана эшикке чыга алат деп жазылган. Ал эми жекшемби күнү эшикке чыкканга бардыгына тыюу салынган.
Бул чаралар эл карантиндин эрежелерин так сактабай, коронавирус инфекциясын көбөйтүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.