ИИМ: "Свердлов РИИБинин кызматкери коменданттык саат учурунда сойкуларды ташып жүрөт деген маалымат калп"

Кечээ, 1-апрелде жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине "Коменданттык саат учурунда Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкери унаасына сойку кыздарды салып бара жатканда кармалды" деген маалымат жарыяланган. Бүгүн, 2-апрелде аталган маалымат боюнча ИИМ расмий билдирүү жасады.

"Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкери өзүнүн жеке унаасы менен шаар ичинде кетип бараткан кезде кайгуул кызматы тарабынан токтотулган. Коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн учурда кызматкерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Айрым маалымат каражаттарына жарыяланган "милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн" деген маалымат калп", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоону суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралгандыгын дагы бир жолу эскертет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
arno2008
2020-04-02 12:08:06
Калк айтпайт,айтса да калп айтпайт жөн жерден чыккан жок да
+5
KalenAlmaz
2020-04-02 12:20:13
Шамал болбосо милициянын шапкеси кыймылдабайт болтабы.
+5
katerina.li
2020-04-02 13:24:46
Калпты айтышып анан калп дегендери жакшы ушулардын
+2
bond02
2020-04-02 16:30:00
Калп деп айткандын озу калп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан