Карантин жылдыздардын жашоосун кандай өзгөрттү? Назира Айтбекова "жашоомо өзгөртүү киргиздим" десе, Данияр Эрматов айылга көнүп алганын айтат

Коронавирус эпидемиясынан улам март айынан тартып Кыргыз өлкөсүндө өзгөчө кырдаал режими, айрым аймактарга өзгөчө абал режими киргизилген. Май айынан чектөөлөр акырын алынып, бүгүн, 25-май күнү эл кадимки жашоого кайтууда. Ошого байланыштуу SUPER.KG порталы шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө 2 айлык карантиндин жашоосуна тийгизген таасири тууралуу собол салды.

Назира Айтбекова, алпаруучу: "Карантинде жеке жашоомо өзгөртүү киргиздим"

- Карантин мага жакты. Өзүм менен өзүм калганга, жан дүйнөм менен сүйлөшкөнгө, эсептешкенге аябай керек болчу экен. Мен карантин маалында жан дүйнөм менен алек болдум, жан дүйнөмдү иликтедим. Эмне кылдым, келечекте эмне кылам, баарын ойлондум. Жашоого болгон айрым көз караштарды өзгөрттүм. Жеке жашоомо да ар кандай өзгөрүүлөрдү киргиздим. 2 айлык карантинди мен жан дүйнөмдү дарылоо карантини десем да болот.

Былтыртан бери ден соолугум жакшы болбой, ооруп жүргөм. Жаңы эле боорумду айыктырсам, өпкөм кармап, аны айыктырсам астмам кармап, кыйналып жаткам. Ден соолук деле жөнү жок оорубайт экен. Жан соолукта көйгөй болгондо, ден соолукта да көйгөй болот экен. Ден соолукту бекемдөө үчүн жан соолук менен алек болдум. Психологиялык онлайн тренингдерге атайын акча бөлүп, катыштым. Ар кандай аудиокитептерди уктум. Өзүмдүн үстүмдөн иштедим. Ошондой эле баламды жакындан таанууга, аны менен жакындоого шарт болду. Мен аны кичинекей баладай көрбөй, чоң баладай карап, өзүмдүн философиялык ойлорум менен чоңдордун жашоосуна эрте аралаштырып алдым окшойт. Жалпысынан айтканда, мен үчүн карантиндин пайдалуу жактары көп болду.

Данияр Эрматов, ырчы: "Айылга үйрөнүп калып, шаарга кетким келбей жатат"

- Эки айлык карантинди мен айылда өткөрдүм. Негизи мен үйлөнгөндөн кийин ата-энеме кызмат кылып, үйдө болом деп пландап жаткам. Өлкөдөгү абалга байланыштуу карантин жарыяланып, планым эки эсе бекемделди. Мен 15 жылдан бери Бишкекте жүрүп, айылга келгенде көп турчу эмесмин. Карантиндин шылтоосу менен үйдө, ата-энемдин кашында көбүрөөк отурдум, айылдагы жумуштарды кылдым. Айылда турмуш мурункудай эле кыйын экен. Көптөн бери мындай жашоодон алыстап, унутуп калган экем. Албетте, киргизилген чектөөлөр аябай сезилди, бирок башка түшкөндөн кийин баш ийбегенге арга жок экен. Азыр айылга үйрөнүп калып, эми шаарга кетким келбей жатат.

Айпери Кубик кызы, ырчы: "Көчөгө чыккым келбей калыптыр"

- Мен жер үйдө тургандыктан, карантин көп билинген жок. Мурун той же башка иштер менен сыртта көп жүрүп, үйдө аз болсом, карантинде үй кожойкеси болуп, түрлөп тамак жасадым. Балдарым менен ойнодум, убактымдын көп бөлүгүн жакындарыма арнадым. Карантин мага пайдалуу болду. Бир гана жаман жагы, үйдө отуруп көнүп алган экем, көчөгө чыккым келбей жатат. Жолдошум "элдин аялдары күйөөлөрүн көчөгө чыгара албай кыйналса, сен чыкпайм дейсиң да" деп мени көчөгө араң чыгарып жатат.

Актан Рыскелдиев, актёр: "Эки айдын ичинде уулдарым мага жакын боло түштү"

- Карантин маалында мен өзүм үчүн көп нерсени алдым. Алгач 4-5 күн уйкунун акесин тааныткандан кийин жата берсем күн ушинтип өтө берет экен, андан көрө турайын деп аракетимди баштадым. Мурун деле балдарыма атайын убакыт бөлчүмүн. Бирок карантинде болгон убактымдын баарын балдарыма бөлдүм, чогуу сүрөт тартканды үйрөндүк, көп нерсени тааныдык дегендей. Эки айдын ичинде эки балам, өзгөчө улуусу мага аябай жакын боло түштү. Бүгүн жумушка чыгарда да "атам мени уктатмайынча уктабайм" деди. Мурун эмне болсоң ошол бол деп апасына калтырып кетип калчумун. Азыр көңүлүн кыя албай уктатып, анан жумушка чыктым. Эки ай бою үйдөн чыкпай үй-бүлөм менен болсом да келинчегим, бизге көп көңүл бөлгөн жоксуң дейт (күлүп).

Роза Шакирова, ырчы: "2 ай Таласта кайын журтумда уста бактым"

- Биз үй-бүлөбүз менен эки ай бою Таласта болуп, жаңы эле келдик. Айылдагы үйгө дарбаза койдурганбыз. Ошого күндө устага тамак жасап, үй оокаттары менен болуп эки ай кантип өтүп кеткенин билбей калдым. Үйгө конок келсе, ал кандай жерден келди билбейсиң да, ар ким келип кеткенден кийин колду антисептикалык каражат менен тазалай берип, колдорум кесилип кетти. Эгер Бишкекте батирде калсам чындап буулугуп, кыйналмак экем.

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: "Ар бир күндү барктаганга үйрөндүк"

- Карантин буга чейинки жасаган иш-аракеттерибизди, эмнеге жетиштик, эмнеге жетишпей калдык, баарына сырттан көз салып, саресеп салууга чоң шарт түзүп берди. Мурун күнүмдүк жашоо менен алпурушуп, ары чуркап, бери чуркап көп нерсеге маани берчү эмес экенбиз.

Мен эки ай бою айылда болдум. Мурун үйгө бир тийип эле той, концерт деп кетип калчумун. Ойлоп көрсөм, 11-классты бүтүп кеткенден бери мынчалык көп убакыт өткөргөн эмес экем. Үйдө жүрүп, оокат-ашка каралашып, мурунку балалык кезге кайткандай болдум. Мен жаңы карантинди киргизгенде аябай жаман болдум. Түш көргөндөй, ойгонуп кетсек, мурунку жашоого кайтып калчудай күтө бердим. Чынында эле ушинтип чектелип калдыкпы, тойлор мурункудай болбой калдыбы, салондор иштебейби эми деп көпкө кабыл ала албай жүрдүм. Чет өлкөгө чыгуу бул жакта турсун, өз мекенибизде туруп саат мынчадан кийин көчөгө чыкпайсың деп чектегендин өзү жаман экен.

Кудай деле мындай нерсени жөн бербесе керек, ойлонгула, жашоонун кадырын билгиле деди окшойт. Той-ашта, концерттерде чапкылап ырдап жүргөн күндөрдүн баркына жеттик. Ал кезде блокнотту карап коюп, бул жакка барам, тиги жакка барам деп кадимки күн катары кабыл алчу элек. Көрсө, кадимкидей кабыл алынган күндөрүбүз эң баалуу тура.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KalenAlmaz
2020-05-25 23:43:18
Бизге чын журоктон пофик!!!Калп журоктон нафик!!!
+12
natasha00
2020-05-26 04:53:02
Оба, бизда сыгылып кеттик айрыкча Этаж уйдо жаман экен кухня туалет комната бп калды, кочого чыккын келбей калат экен жата берсен жапайы бп калат экенсин, бугун кенири чыгып магазин айландым эле мурдагы жашоо эске тушуп озумду аябай бактылуу башкача сездим! Кудай мурунку жащообузга кайтарса экен, аябай баркын съездим! Ушунчалык бизди жаратканына шугур Аллага! Кудай баарынын козуну ачты! Сыноо берди, эми тооба кылайлы!
+7
Agayu
2020-05-30 07:24:26
Абересиз деген жылдызыбыз эмне болду экен ? Карантинде жатса керек абересиз дебей эле
-4
Krai
2020-05-30 08:34:40
Булардын арасынан жылдызды көрбөдүм. Булардын баары эле артист го
+1
Blueaffair
2020-05-30 10:31:51
Танктын правасы керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан