Казакстан 4-апрелден баштап мамлекеттик чек араларын унаа каттамдары үчүн убактылуу жабат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Казакстан Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсү менен чектешкен аймактарындагы өткөрмө жайларын жабат. Мындай токтом 30-мартта кабыл алынган.
Кыргыз-Казак чек арасындагы өткөрмө пункттары:
"Аухатты" (Жамбыл облусу);
"Кордай" (Жамбыл облусу);
"Сыпатай батыр" (Жамбыл облусу);
"Сартобе" (Жамбыл облусу);
"Кеген" (Алматы облусу).