Ош облусу боюнча 6 айга жете тургандай азык-түлүктүн камы бар. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ош шаарында өткөн онлайн маалымат жыйында Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана Ош облусу боюнча коменданттын орун басары Байыш Юсупов билдирди.
"Жалпысынан айта кете турган болсок, азык-түлүктүн бардык түрү боюнча, ундан баштап кумшекерге чейин жетиштүү камы бар. Анын көлөмү жарым жылга жетет. Жакын арада эле өкмөттүн резервдик фондунан дагы 400 тонна ун бөлүндү. Мындан тышкары ошол эле фонддон 1 360 тонна ун берилип, график боюнча райондорго жеткирилип жатат. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, өлкөнүн башка аймактарынан жана ишкерлерден жардам катары ун келип жатат. Ундун баасы дагы көзөмөлдө турат. Анын биринчи сорту 32-33 сом болуп жатат", - дейт Байыш Юсупов.