Башкы дарыгер: "Инфекциялык ооруканага күйөөсү Кытай жараны болгон үй-бүлө кайрылган"

Социалдык тармактарда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына коронавирус менен жабыркаган Кытай жараны келип түштү деген маалыматтар тараган. Бул боюнча аталган оорукананын башкы дарыгерине байланышканыбызда, учурда 11 жаран медициналык кароодо экенин айтат.

"Бүгүнкү күндө биздин ооруканада чет өлкөлөрдөн келген 11 жаран медициналык кароодон өтүп жатышат. Кайрылгандардын арасында күйөөсү Кытай жараны, өзү Кыргыз жараны болгон үй-бүлө бар. Медициналык кароодон өтүп жаткандар өзүбүздүн эле жарандар. Коронавирус менен жабыркаган факт каттала элек", - дейт башкы дарыгер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aydinnur
2020-02-27 19:49:35
Жонокой ич откокту дарылай албай жатабыз..Анан айтканын кара..Кечээ болсо Жогорку Кенеште бир минздрав окулу эч санаа жок кытайлар учунчу олко менен келип жатат деп коет(((Кайра артка айдап жатабыз дегендин ордуна..Бул жагынан Жумгалдыктар азамат экен,кетирип тынышты кытайларды.
+18
Absamat-90
2020-02-27 20:01:59
aydinnur, пенденин оозундагы кудайдын кулагында деген. Балким пейилди оңдойбуз ар кандай жаман нерсе ойлоп тапкандан пайда жок.
-10
aydinnur
2020-02-27 21:17:08
Absamat-90,Ошол кудай да сактансан сактайм дейт..тааныш врач айткандай азыркы врачтардын сексен пайызы бизнесмен-врачтар ишин жакшы билбеген..айрыкча токсонунчу жылдардан кийин сабактарын жалан акча менен бутуруп,дипломун сатып алгандар.
+9
Jaznura
2020-02-27 20:02:27
aydinnur,ичиң катуу ооруган бекен?
-9
aydinnur
2020-02-27 21:13:55
Jaznura,менин эмес баламдын ичи ооруп,жакшы дарылай албай катуу кыйнашты..табалагандан коро балама дуба кылып коюнуз..
+6
bekbol2006
2020-02-27 20:11:52
Кытай деген балее болдуго бизге....
Кытайсыз жашоо токтоп калбайт
+7
sirenaaaaa
2020-02-27 20:44:19
bekbol2006,ырас, токтоп калбайт. Бирок кымбатчылык башталат. Уже базарда китайский запчас келбей дурболон башталыптыр. Тамак алтын баасы озунон озу которулуп жатат. Нан кадимкидей 1сом, 2сомго кымбаттады
-2
sirenaaaaa
2020-02-27 20:45:17
bekbol2006, жайында стройка кылайын дегендер тем более кыйналат. Окмот хотя бы кытайдан башка жактан келген товарга растоможка азайтыш керек
-1
bekbol2006
2020-02-27 21:55:51
Кытайларга тийип ээрчип кеткен кыздар куйоолорун ээрчитип келишет эми
+5
Gospozhatsetok
2020-02-28 08:28:48
Деги биздин врачтар коронавирустун белгилерин билишет болду бекен? Ошончо адам кирип жатат кытайдан баары эле бир ооздон коркунуч жок дешет. Ооруну жашырсан олум ашкере дейт, Кудай сактасын.
+2
Dembele84
2020-02-28 10:55:45
Баары жакшы деп жатып ушу биздикилер бир нерсенин устунон чыкканы калды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан