
Коронавируска каршы биринчи вакцина сыноодон өттү. Бул тууралуу АКШнын Питтсбург университетинин окумуштууларына таянып, америкалык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта окумуштуулар коронавируска каршы вакцинаны алгач чычкандарга сынап, колдонуп көрүшкөнү айтылат.
"Албетте, биздин вакцинага клиникалык тажрыйба жүргүзүлө элек. Бирок учурда аны адамдарга карата колдонуп көрүү үчүн уруксат күтүп жатабыз.
Өз изилдөөлөрүбүздү мурунку SARS жана MERS вирустары менен күрөшүүдөгү тажрыйбаларыбызга таянып жасадык. Себеби жаңы коронавирус алардын тибине кирет. Вакцинаны чычкандарга колдонгондо, алардын организминде эки аптадан кийин коронавирус же SARS-CoV-2 вирустарына каршы антитела (кыргызча: организмде ууларга каршы жаралган атайын белок заттар) пайда болгон. Эми бул коронавируска каршы вакцина клиникалык изилдөөлөрдөн жана тажрыйбадан өтсө, жакында жүгүртүүгө бериле башташы мүмкүн", - дешкен окумуштуулар.
Клиникалык тажрыйба жүргүзүүгө уруксат берилсе, бейтаптарга сынап көрүү кеминде бир жыл, көп учурда андан да көп убакытты алат.
Вакцина PittCoVacc (Pittsburgh Coronavirus Vaccine) деген аталышты алган.