"Ухан вирусу": АКШ коронавирусту жуктургандардын, Италия каза болгондордун саны боюнча алдыда келе жатат

4-апрелге карата дүйнө жүзүндө "Ухан вирусу" менен жабыркагандардын саны 1 миллион 98 миң 848 болду. Айыккандардын саны - 226 миң 106, каза болгондор - 58 миң 871.

Коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда 277 миң 828 жаран ооруп жатат. 9 миң 823 жаран илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 миң 141 адам каза болду.

Италияда 119 миң 827 адам вирус жуктуруп, анын 19 миң 758и айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 14 миң 681 адам, тилекке каршы, вирустан көз жумду.

Испанияда 3-апрелге карата вирусту жуктургандардын саны өсүп, Италиянын көрсөткүчүнөн ашкан. Бүгүн, 4-апрелге карата 119 миң 199 жаран вирус жуктурганы аныкталды. 30 миң 513 жаран илдеттен арылса, 11 миң 198 адам каза болгон.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZUXRIDDIN20
2020-04-04 08:37:47
Жакшы жаңылык угар күнубуз качан келет экен Урматтуу супер кж Коронавируска каршы вакцина же даарылар жөнүндө дагы изилдеп көргүлөчү

Жай келип вирустар өлүп жакшы күндөр тезирээк келсе экен.
+2
ZUXRIDDIN20
2020-04-04 08:39:18
Кытайга барып айтыш керек Ци ЗИН Пин ге болду жеттер эми ушунча кайгы капачылык, вирустун даарысын бериңиз бизге деп.
+3
Jelezo
2020-04-04 11:25:08
ZUXRIDDIN20,эң туура айттың, Кытай ооруну чыгарганда даарысын камдап койгон эми сатып баштайт 2. 3 айдан кийин.
+1
ZUXRIDDIN20
2020-04-04 11:26:22
Jelezo,ошондой жеп үмүт кылабыз эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан