4-апрелге караган түнү Жалал-Абад шаарында коменданттык сааттын эрежелерин бузган 1 жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдирди.
"4-апрелге караган түнү Жалал-Абад шаарында коменданттык сааттын эрежесин бузган 1 тургун кармалды. Ага карата мыйзам чегинде чара көрүлдү. Эрежени сактап, үйдөн чыкпаңыздар", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.
25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Ош шаарына, Бишкек шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына коменданттык саат тартиби киргизилген.