Бүгүн, 13-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирусту жаңы жуктурган 42 жаран катталып, бейтаптардын жалпы саны 419га жетти. Буга байланыштуу республикалык штаб коронавирус менен ооругандар кайсы аймакта катталганын билдиришти.
Коронавирус эң көп катталган район - Ноокат району болду. Анда 96 адам коронавирус жуктурган.