"Карантин колу-бутубузду байлап койду" дейт кызынын ден соолугуна кабатыр болгон эне

"Жалпы кыргыз элине, анын ичинде күнүмдүк жумушта иштеп, үй-бүлөсүн багып жаткандарга оор мезгил келди. Кырдаалга байланыштуу кыйналып турабыз, болбосо өзүбүздү өзүбүз эле багып келе жатканбыз", - деп билдирди SUPER.KG порталына төрт баланын энеси Гүлзада Ахматова.

Гүлзада Ахматованын бир кызына төрөлгөндө эле "спинномозговая грыжа жана гидроцефалия" деген диагноз коюлган. Учурда ал өз алдынча баса албайт жана санитардык-медициналык каражаттарга муктаж.

"Биз үй-бүлөбүз менен Бишкек шаарындагы Пригородный айылында батирде турабыз. Учурда биздин үй-бүлөгө жалаяк, катетер жана кызымдын ден соолугуна байланыштуу башка каражаттарды алуу зарылчылыгы келип чыкты. Мен үйдө отурам, бизден жалгыз гана жолдошум иштечү. Учурдагы карантин кадимкидей колу-бутубузду байлап жатат, биз дагы эч нерсе эмес, кызым Асемага өтө эле оор болуп турат. Аны көрүп алып, мен эне катары кантип жардам береримди билбей жүрөгүм эзилет. Бардык жакка кайрылып көрдүм, атүгүл кайрымдуулук жасаган ырчыларга дагы жаздым. Биздин Пригородный айылынын айыл башчысы келип, азык-түлүктөн жардам берилет деп аты-жөнүбүздү жазып кеткен. Бирок ал "жардам биринчи региондорго гана берилип, Бишкек шаарындагыларга берилбейт экен" деген жообун айтты. Бул күндөр дагы өтөр, балким, бизден да жардамга муктаж үй-бүлөлөр бар, анын баарын түшүнүп турабыз. Ошентсе да кайрымдуу адамдарга үнүбүз жетип калабы деген максатта сиздерге кайрылдык", - деди Гүлзада Ахматова.

Гүлзада Ахматовага жана анын кызы Асемага жардам берүүнү каалагандар 0999 77 18 03 номуруна байланышса болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан