Өлкөдө дагы 28 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын бүгүн, 4-июнда саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Айтымында, сутка ичинде оору аныкталгандардын ичинен:
Бишкек шаары – 15;
Нарын облусу – 1;
Ош шаары – 4;
Ош облусу – 6;
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1.
Муну менен коронавирус өлкөгө келгенден бери аны 1 899 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 1 292 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган.