7-апрелге карата дүйнө жүзүндө "Ухан вирусу" менен жабыркагандардын саны 1 миллион 345 миң 48 болду. Айыккандардын саны - 276 миң 515, каза болгондор - 74 миң 565.
Коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда 366 миң 614 жаран жабыркап жатат. 19 миң 581 жаран илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 10 миң 783 адам каза болду.
Испания вирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. 7-апрелге карата бул өлкөнүн 136 миң 675 жараны вирусту жуктурганы аныкталды. 40 миң 437 жаран оорудан арылса, 13 миң 341 адам каза болду.
Ал эми Италияда 132 миң 547 адам вирус жуктуруп, анын 22 миң 837си айыгып, ооруканадан чыгарылган. 16 миң 523 адам вирустан көз жумду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.