Испаниялыктардын көпчүлүгү чет өлкөлүк туристтердин өлкөгө киришине каршы. Бул COVID-19 пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу. Бул тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн борборго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 60 пайызга жакыны өлкөдө кыймыл чектелген убакта чек араларды ачпоону суранышкан. Ошол эле учурда испаниялыктардын болжол менен 31 пайызы тескерисинче өлкөдө катуу көзөмөл чаралары колдонулганына карабай чет элдик туристтердин келишин колдошот.
Мындан тышкары сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү (63,5 пайыз) эмдөө жай мезгилинде пандемиядан арылууга жардам берерине күмөн санашкан. Алардын көпчүлүгү 30 жаштан 64 жашка чейинки адамдар. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 29,4 пайызы тескерисинче оптимисттик көз карашта - бул 18 жаштан 29 жашка чейинки адамдар.
Испания бийлиги калктын көпчүлүгүн коронавируска каршы ушул жылдын жай айынын аягына чейин эмдөөнү пландаштырган. Өлкөдө эмдөө үчүн Moderna, Pfizer жана BioNTech жана AstraZeneca вакциналары бекитилген.