Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 457ге жетти. Муну менен сутка ичинде 100дөн ашуун жарандан вирус аныкталды. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата вирусту жуктурганы аныкталган жарандар карантинде жаткандар.
Карантинде жаткандардан тест алуу процессинин күчөтүлгөнүнө байланыштуу көп жарандардан вирус аныкталды. Учурда карантинде 100 миңден ашуун жаран жаткандыгы айтылат маалыматта.
Вирус менен ооруп жаткандардын ичинен 9 бейтаптын абалы оор, дагы 2 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда. Ал эми бул илдеттен 30 жаран айыкса, 2 жаран каза болду. Мындан тышкары дагы 2 Өзбек жараны чет өлкөдө каза болду.