Бүгүн, 15-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
"Мен сезип турам. Анткени өзгөчө абалдын узартылышы шаар тургундары үчүн көп кыйынчылыктарды жаратат. Ошондуктан өзүмдүн буйругум менен коменданттык саатты эки саатка кыскарттым. Башкача айтканда, мындан ары коменданттык саат кечки 21:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин болот. Ошентсе да коменданттык саат убагында тартип бузгандарга катуу чаралар көрүлөт", - деп билдирди Орозалиев.